Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Нарын

Айыл турмушу: Логопед А.Акылбекова балдардын тили көбүнчө кайсы тамгаларга келбегенин айтып берди (видео, фото)

Turmush -  Балдардын тилинин кеч чыгышы жана айрым тамгаларга тилинин келбеши кийинки жашоосуна кыйынчылык туудурат. Мындан улам адистер баланы башынан баштап көзөмөлдөп, эгер ушундай кемчиликтер байкалса тезирээк дарыгерге көрсөтүүнү эскертишет. Бул багытта Нарынга жаңы келген психолог-логопед Аида Акылбекова Нарын медициналык колледжин аяктап, Нарын шаарындагы Кычан Жакыпов атындагы орто мектебинде медайым болуп иштеп баштаган. Ал жактан 1-2-класстын балдарынын тилинин өсүшү начарлаганын байкап, кайра И.Арабаев Кыргыз мамлекеттик университетинен билимин жогорулаткан. Учурда Нарында иштеп баштаганына 1 айдын жүзү болду.

«Нарынга келип иштеп баштаганыма 1 жыл болду. Бул аралыкта ондон ашык бала келип, анын үчөөндө жыйынтык болуп кетишти. Андан башка да балдар келип жатат. Көбүнчө баланын тили келбеген Р, Ш, З тамгалары. Ар бирине сабак өтөбүз. Биринчи сөздөрдү кошуп окуп отуруп, андан соң ырларды жаттай башташат. Андан сырткары өзүм психолог болгондуктан балдарды психологиялык жактан карайм. Ар кандай оюнчуктарды, сүрөттүү китептерди пайдаланып окуйбуз», - деди ал.

Логопед – бул тили жакшы өрчүбөгөн балдарга жардам берүүчү илим.

«Бала 4 жаштан кийин тили так болбосо логопедке алып барыш керек. Анын жардамы менен сүйлөөгө аракет кылат. Негизи бала канчалык эрте көнүксө оңой болот. Нарында буга чейин мындай бөлүм болгон эмес. Жада калса чоң кишилер айрым тамгаларга тили келбей келишет. Анда атайын тилдин, ооздун гимнастикаларын жасатып, сүйлөткөнгө аракет кылабыз. Биз жаңы келгендиктен кабинет бөлүнө элек, жакында өзүнчө кабинет болот деп жатышат, тынч бөлмө беришсе жакшы болмок», - деди ал.

Аталган адистиктеги дарыгер Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун 2-кабатында «Үй-бүлө мектеби» кабинетинде кеңеш берип, окутуу иштерин жүргүзүп жатат. Мамлекеттик кызмат болгондуктан балдар бекер окутулат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2350
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×