Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Ош облусу, Ош 07.06.2018 09:23

Ошто алгачкы жолу 30 мыкты үй-бүлө, 90 датка айым, үлгүлүү мырзалар аныкталды (видео, фото)

Turmush -  Ош облусунда алгачкы жолу 30 мыкты үй-бүлө, 90 датка айым, үлгүлүү мырзалар аныкталды. «Улуу Журт» кайрымдуулук фондунун Ош, Жалал-Абад облустары боюнча координатору Чолпонай Акжолованын айтымында, мыктыларды мекеме-ишканалар өздөрү сунушташкан.

«Аймактарды өнүктүрүү жылына карата аймактардагы мыкты үй-бүлөлөрдү, мыкты эр-азаматтарды аныктоо үчүн атайын жобо иштеп чыкканбыз. Алгач мекеме-ишканалардагы кызматкерлер арасындагы эң мыкты үй-бүлөнү аныктап, бизге сунушташкан. Ошонун негизинде алардын ичинен эң мыктыларды аныктадык.

Жыйынтыгында Ош облусу боюнча 30 үй-бүлө алдыга суурулуп чыкса, Ош шаары боюнча 5 мыкты үй-бүлө аныкталды. Ал эми Ош облусу боюнча 90 датка айым, үлгүлүү мырзалар тандалып, 6-июнда сыйлык тапшыруу аземи өттү. Мындай саамалык мындан ары да улантылат», - деди Ч.Акжолова.

Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн тургундары Ташмат Жолдошов менен Абиба Жолдошова да үлгүлүү үй-бүлө номинациясына ээ болушту.

«Мен Ноокат райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгында башкы адис болуп эмгектенем. Жубайым экөөбүз 4 баланы тарбиялап, 6 неберелүү болдук. Ишканабыздын тандоосу менен «Үлгүлүү үй-бүлө» болуп отурабыз», - деди Т.Жолдошов.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басары Байыш Юсупов да «Үлгүлүү мырза» наамы менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×