Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Нарын

Нарында «Мен чекпейм, сен да ташта» акциясы уюштурулду (фото)

Turmush -  Нарын шаарында «Мен чекпейм, сен да ташта» акциясы өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган иш-чараны ден соолук кабинети жана шаардык аялдар кеңеши Нарын медициналык колледжинин студенттери менен биргелешип уюштурду. Акциянын жүрүшүндө студенттер чылымдын зыяндуулугу туурасында үгүт-чакырыктарды көтөрүп алышып, борбордук базардан баштап Нарын шаардык мэриясына чейинки аралыкка жөө жүрүш жасашты. Чылым чеккендер менен жолугушуп, анын адам өмүрүнө алып келүүчү зыяндары тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле, үгүт-баракчаларын таркатышып, ар кандай суроо-жооп анкеталарды толтурушту. Акциянын аягында чогултулган тамекинин калдыктарын таштанды таштоочу жайга алып барып өрттөштү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 823
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×