Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Нарын

Айыл турмушу: Физик мугалим Н.Сасыкулова кесибин күн системасы менен түшүндүрдү (фото)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылындагы А.Жусакеев атындагы орто мектебинде физика сабагы боюнча 7 жылдан бери балдарга билим берип келе жаткан Назгүл Сасыкулова ийгиликтерди жаратууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышып келди.

Назгүл Сасыкулова 1987-жылы Чүй облусуна караштуу Панфилов районундагы Кара-Балта шаарында төрөлгөн. Жан-Булак айылына келин болуп келгенине 10 жылдан ашты.

«Мектепте окуп жүргөндө эле мугалимдер кичинекей класстарга сабак өт деп коюшчу. Физиканы тандап алганымдын себеби да ушул болуп калды окшойт. Физика сабагынан буюрса жакшы жетишкендиктерге жетип жатабыз. Мен мектепке келгенде Бүбүайым Молдалиева деген эже өзүнүн кеңештерин берип, мага насаатчы болду. Анын жардамы, өзүмдүн аракетим менен буга чейин бир топ ийгиликтерди багындыргам. Өрөөндүк, райондук олимпиадаларда алдыңкы орундарды алып жүрөбүз. Чоң физик Дүрбөлөң Мамбетовдун урматына уюштурулуп келген кароо-сынакта дайыма биринчи орунду эч кимге бербейбиз. Дайыма сынактарга катышаарда 1 жыл мурун ойлонуштуруп, андан кийин тапшырманы өздөштүрөбүз. Быйыл дагы чыгынып катышып, алдыңкы орунду алдык», - деди мугалим.

Ал быйыл «Жаш мугалим» сынагына барып, өрөөндүк турдан биринчи орунду жеңип алган.

«Эң негизги сабакта көрсөтмө курал көрсөттүк. Балдар менен иш алып бардым. “Мен тандап алган кесип” деген теманы ачып бердим. Анда мен жер планетасын мугалим жана кесипке салыштырдым. Күн системасы — бул менин кесибим. Ал эми 9 планета күндөн кандай көз каранды болсо, кесиптин баары тең мугалимдик кесиптен көз каранды деген мааниде ушул күн системасын жасадым. Президент, дарыгер, учкучу болобу, айтор баары тең айланып келип эле мугалимден тарбия, билим алат. Ошону ачып, көрсөтүп бердим», - деди ал.

Мугалим үй-бүлөлүү, 3 уулдун апасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1367
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×