Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Баракелде

Фото — Пекинде Сооронбай Жээнбеков менен Си Цзиньпин жолукту

Turmush -  Бүгүн, 6-июнда Пекин шаарында Кытай Эл Республикасына мамлекеттик иш сапар менен барган президент Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуусунун расмий аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуу аземи Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын имаратынын алдындагы аянтта өттү. Флагштоктордо Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик желектери көтөрүлгөн. Ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн гимндери ойнолду.

Салтанаттуу жолугушууу аземине балдар катышып, мамлекет башчыларын жылуу куттукташты.

Жолугушуунун расмий аземинен жана делегацияларды тааныштыргандан кийин мамлекет башчылары кеңири курамда сүйлөшүү үчүн залга бет алышты.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга мамлекеттик сапары үч күнгө созулат, анын жүрүшүндө өлкө башчы Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин, КЭР Мамлекеттик Кеңешинин премьери Ли Кэцян жана Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаньшу менен жолугушат.

Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жөнүндө биргелешкен декларация бар. Ошондой эле кытайлык ири корпорацияларга баруу да мерчемделүүдө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1510
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×