Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Нарын

Айыл турмушу: 30 жыл ооруканада иштеген З.Макешова айылдагы кечелерде ырдап, кол өнөрчүлүк менен алектенет (видео, фото)

Turmush -  20 жыл улуу медайым, 5 жыл балдар медайымы жана 5 жыл мээрман айым болуп иштеген Куланак айылынын тургуну Зуурагүл Макешова менен аймактык кабарчы таанышты.

Зуурагүл Макешова 1950-жылы Ат-Башы районуна караштуу Калинин колхозунда дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал бала кезинен чоң апасынын колунда өсүп, Нарындагы медициналык окуу жайында окуп, Куланак айылдык ооруканасында 30 жыл иштеди. Учурда ал үйдө уул-кыздарынын сыйын көрүп, бактылуу карылыкты өткөрүүдө.

«Улуу балам сүрөтчү. Эки кызым медицина тармагында эмгектенет. Эң кичүү кызым Кыргыз-түрк “Манас” университетинде окуйт. Кудайга шүгүр баары жакшы, балдар-кыздарым бизди жакшы карайт. Жакында эле баары чогулуп келип “бизди ушул даражага жеткирип, багып чоңойтуп, тарбия бердиңер” деп ыраазычылыктарын билдирип, үйдүн ичине болгон шарттын баарын түзүп берип кетишти. Ыраазы болуп калдык.

Айылда негизи медайымдар жетиштүү. Билимдүү жаштар келип жатат, биз ошого ыраазыбыз», - деди ал.

Зуурагүл Макешова үйүндө жөн отурбай гүл өстүрүп, айылдагы майрамдык иш-чараларга активдүү катышып, ырдап да келет.

«Үйдөн гүлдөрдү өстүрөм, эшиктен абышкама жардам берем. Айылда болгон чыгармачылык кечелерге чакырышат, “Шайыр апалар” тобунун мүчөсүмүн. Кыздарыма арнап курак курап, тери ашатам, көлдөлөң жасап, килемче курайм. Эмгектенген адам ачка болбойт, базардан эч нерсе сатып албайбыз, баарын өзүбүз жасайбыз», - деди ал.

Зуурагүл Макешованын учурда 4 кыз, 4 эркек баласы жана 6 небереси бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1506
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×