Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Нарын

Айыл турмушу: Мамлекеттик кызматтарда көп жыл иштеген К.Апсаматов коён багып, алардын санын жүзгө жеткирди (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кошой айылынын 71 жаштагы тургуну Кеңешбек Апсаматов коён багып, бир жылда алардын санын жүзгө чейин жеткирет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Кеңешбек Апсаматовдун айтымында, жогорку билим алып, мамлекеттик жумуштарда көп жыл эмгектенген. Кийин пенсия куракка келгенден баштап жеке ишкерликке өтүп кеткен.

«Кесибим боюнча суу инженеримин, суу системасында көп жыл иштедим. Бишкектеги азыркы Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетти бүтүп, андан кийин айыл чарба институтуна тапшырып, бирок аны толук бүтпөй калгам. Эмгек жолумду алгач Ат-Башыдагы суу чарба тармагынан баштагам.

Байбичем медициналык училищаны бүткөндө атам Жаңы-күч айылындагы мектепте директор болуп иштеп турган. Ошол кезде мектепте орус тили сабагынан мугалим жок болгондуктан, аялымды мугалим кылып аталган мектепке киргизишкен. Бирок айылга көпкө турбай эки жылдан кийин шаарга кеттик. 1990-жылы атамдын ден соолугу жакшы болбой, өзүбүздүн Кошой айылыбызга кайра келдик.

Мамлекеттик жумуштарда иштеп жүрүп, кийин пенсия куракка келгенде жеке чарбага өтүп кеттим. Өзүм эркиндикти жакшы көргөн адаммын. Иштебей калгандан кийин кулаалы таптап, бүркүт салып баштадым. Ал кезде азыркы кездегидей салбурун деген оюндар жок болчу. Болгону туристтерге көрсөтүүгө катышып жүрдүм. Андан кийин туризм тармагы өнүктү, жашым өтүп калганына байланыштуу бул тармактан дагы алыстап кеттим», - деди ал.

Кеңешбек Апсаматов коёндорду 1958-жылдан бери багып келет.

«Коёнду мектепте окуп жүргөндөн бери багып келем, алгач бир коён менен баштагам. Кийин жогорку окуу жайга тапшыргандан кийин Бишкекте дагы багып жүрдүм. Коёндун эти абдан жеңил, шорпосу даамдуу. Бир жылда саны жүзгө чейин жетип барат. Көбөйтсөң көбөйө берет экен. Германиядан фландер тукумундагы коён келиптир, 9 килограммга чейин эт берет экен. Азыр ошол тукумдан багып жатам. Коендордун этин сатып деле көрө элекмин. Өзүбүзгө деп кышкысын этин туздап сактап коебуз. Конок келгенде эле кой, жылкынын этин жебесек, көбүнчө коендун этин эле жейбиз.

Эл эмгектенип, аракет кылса эле эч ким ачка калбайт. Ат-Башыга эч нерсе өспөйт дейт, мен баарын өстүрүп жатам, базардан эч кандай жер-жемиш сатып албайм. Быйыл 71 жаштамын, жыгачтан, темирден керектүү оокаттардын баарын жасайм, кээде кемпириме оймо дагы чийип жардам берем. Кошуналарымдын темир-тезеги сынса бекер эле ширетип берем», - деди К.Апсаматов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1950
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×