Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Баракелде, Бишкек 06.06.2018 13:08

Фото — Кытайга учуп келген С.Жээнбековду аэропорттон ким тосуп алды?

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июнда мамлекеттик иш сапар менен Кытай Эл Республикасына учуп келди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, аба майданында ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илинген. Мамлекет башчысын Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Чжан Ханхуэй тосуп алды.

Иш сапардын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө. Анын ичинде ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы биргелешкен декларация бар.

Андан соң президент Сооронбай Жээнбеков 9-10-июнда өтө турган ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Циндао шаарына (КЭР) учуп кетет.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынында Шанхай Кызматташтык Уюмун мындан аркы өнүгүүсүнө тиешеси бар бир катар чечимдерди талкуулап, кабыл алуу, саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү, ошондой эле коопсуздук жана тышкы байланыш жаатындагы документтерди бекитүү мерчемделген.

Саммитте кытай тарап ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешине төрагалыгын (2017-2018-жж.) аяктап, аны 2018-2019-жылдарга Кыргызстанга өткөрүп берет.

Саммиттин алкагында президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Моңголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×