Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Нарын

Айыл турмушу: 40 жылдык өмүрүн медицинага арнаган С.Супабаеванын ооруканадагы жашоосу (фото)

Turmush -  60 жаштагы Сайрагүл Супабаева 40 жылдан бери Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылында акушер-гинеколог болуп эмгектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Сайрагүл Супабаева 1957-жылы Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылында төрөлгөн. Мектепти бүткөндөн кийин Нарындагы медициналык окуу жайды ийгиликтүү аяктап, фельдшердик адистикке ээ болуп чыккан. Кийин Баевтов айылына келин болуп келип, айылда иштеп калган.

«Бул тармакты тандап алганымдын себеби, өзүмдүн апамдын ден соолугу жакшы болбой ооруп калды. Апамдын кыйналганын көрүп, оорулууларга жардам бериш керектигин түшүмдүм. 8-класска чейин мектепте окуп, андан кийин Нарындагы медициналык окуу жайдын дарылоо бөлүмүн бүтүрдүм. Андан кийин билимимди жогорулатып, акушер-гинеколог адистигин өздөштүрдүм. Бул кесип менен иштеп келе жатканыма быйыл 40 жыл болду.

Медицина – бул менин жашоом. Жашоомдун өзөгү, дарым десем болот. Көп убактым ушул жакта өтөт.

Баевтов айылындагы №1 дарыгерлер тобунда иштейм, карамагымда 258 түтүн бар. Калктын саны 1386 адам, 1 жашка чейинкилер 25, 14 жашка чейинкилер 437 адамды түзөт. Ден соолуктары жакшы, убагында карап турабыз», - деди ал.

Сайрагүл Супабаеванын учурда 1 баласы, 2 небереси бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1243
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×