Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Баткен облусу 06.06.2018 11:03 На русском

Чек ара чыры: Баткен облусуна жүрөгүндө оту бар губернатор керек, - депутат

Turmush -  Баткен облусунун губернатору 3 жылдан бери эмгектенип келет, бирок аны айрым жашоочулар тааныбайт, деп билдирди бүгүн, 6-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таабалды Тиллаев («Республика – Ата Журт»).

Анын айтымында, облустун жетекчиси чек ара маселесин өкмөткө жеткирбей жеринде чечиши керек болчу.

«Барыбыз кечээ эмне болгонун көрдүк. Чек ара маселеси курч бойдон турат. Кечээ бирөө жарадар болсо эмне болмок… Ашырбек Мойдунович, ойлонуп көрсөңүз, бул кызматка кадыр-барктуу, жүрөгүндө оту бар, чек ара маселесин түшүнгөн адамды алып келүү керек», - деди депутат.

Кыргызстандагы облустук администрациялар депутат атагандай губернатор эмес, бир нече жылдан бери өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү болуп түзүлгөн. Губернатор менен өкмөт өкүлүнүн ыйгарым укуктарында да айырмачылыктар бар.

Ал эми өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү — Халмурзаев Абиш Алыбаевич.

Халмурзаев Абиш Алыбаевич.

4-июнда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максат аймагынын Футбол талаасы тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда жаңжал чыкты.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, окуя саат 17:10 чамаларында болуп, тажик чек арачылары эскертүү катары асманга ок атышкан. Жаңжалга тажикстандык аскер кызматкерлеринин кыргыз-тажик чек арасындагы чек арачылардын жүрүм-турум сызыгын бузганы себеп болгон. Алар баш аламан соода кылган кыргызстандык жарандарды Футбол талаасы тилкесинен кубалап чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×