Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Нарын

Айыл турмушу: Жайы-кышы жайлоодо жашаган А.Кошумбаеванын үй-бүлөсү малчылык менен алектенет (фото)

Turmush -  Нарын районундагы Таш-Башат айылынын тургуну Анара Кошумбаева үй-бүлөсү менен чогуу жайкысын жайлоодо, кышкысын кыштоодо жашайт. Ал үй-бүлөсү менен бирге ден соолугуна көңүл буруп, тоо боорунда жүрүүгө аракет жасайт. А.Кошумбаева менен аймактык кабарчы таанышты.

Ал 1978-жылы Таш-Башат айылында төрөлгөн. Мектепти бүткөн соң Нарын медициналык окуу жайын аяктап, өзүнүн айылына келин болуп келген. Турмуш шартка байланыштуу өз кесиби менен иштебей, үй-бүлөсү менен жаратылышы кооз тоо койнунда жашаганына бир топ жыл болду.

«Дайыма ушул жерде жашайбыз, баш кошкондон бери эле бээ саап, сүтүн дарычылыкка деп ичебиз. Башында бээ саай албай кыйналып жүрдүм, билчү эмесмин. Кайненем баарын үйрөттү. Учурда 5 бээ саап жатабыз, сүттү ар кандай алабыз. Мисалы, 4-4,5 литрге чейин алабыз. Бээни эрте байлаганда 5 маал саалып калат, кээде жаан-чачын болуп калганда 1-2 жолу саап, агытып коюп турабыз. Бээ кармоодо азоо бээлерди тушайбыз. Алар кыйынчылыктар менен саалат. Жайкысын жайлоого сүт ичкени өзүбүздүн эле туугандар келет», - деди ал.

Анара Кошумбаеванын балдары 2 чакырым аралыкты басып, мектепке барышат.

«Жайы-кышы дебей жайлоодо тургандыктан балдарыбыз көбүрөөк кыйналышат. Алар кышкысын мектепке ат менен барышат. Биз жашаган жер менен мектептин ортосундагы аралык 2 чакырымды түзөт. Ага карабай окушат, көнүп деле калышты» - деди Анара Кошумбаева.

Анын учурда 4 эркек баласы бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2012
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×