Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Талас облусуБакай-Ата району 06.06.2018 10:42

Ак-Дөбө айылындагы көркөм сүрөт музейин Маданият министрлигине өткөрүү сунушталууда (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылында жайгашкан Т.Г.Герцен атындагы көркөм сүрөт музейин айыл аймактын деңгээлинен чыгарып, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин карамагына өткөрүү сунушталып жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова кечээ, 5-июнда облустагы социалдык объектилердин абалы менен таанышкан учурда айтылды.

Аталган көркөм сүрөт музейи 1959-жылы негизделген. Анда атактуу сүрөтчүлөрдүн эмгектери сакталуу. Учурда музейде 200дөн ашык сүрөттөр бар. Ал эми музейдин имараты оңдоодон өткөрүлгөн.

Жамааттын айтымында, мындай демилге ишке ашса өнөр адамдарынын талантын баалоо, тарыхый мааниге ээ сүрөт музейге мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу менен жалпы чыгармачылыкты аздектөөгө жакшы шарттар түзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×