Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 06.06.2018 09:27

Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкер болуучулар документтерин тапшыра элек, - шайлоо комиссиясы

Turmush -  Кочкор районундагы Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 20-июнга белгиленди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп келе жаткан Зарылбек Исраилов өз каалоосу менен кызматынан баш тарткан. Азырынча талапкер болуучулар шайлоо комиссиясына документтерин тапшыра элек.

Ак-Кыя айыл өкмөтү Жаңы-Жол жана Кара-Суу айылдарынан турат. Айылдык кеңеште 21 депутат бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×