Таласта жаштар борбору ачылды

Turmush - Бүгүн, 5-июнда Талас мамлекеттик университетинде жаңы түптөлгөн жаштар борборунун кызыл тасмасы салтанаттуу кесилип, ишмердүүлүгүн баштады. Аталган борборду ачуу долбоордун алкагында ишке ашып, башкаруу, инновация жана өнүктүрүү багытында жаштардын активдүүлүгүн күчөтүү максатын көздөйт.
Окуу жайдын ректору А.Упенов билим берүүнүн заманбап талаптарына ылайык бүтүрүүчүлөр көп түрдүү компетенцияларга ээ болушу зарыл экенин, ал үчүн ар бир студент чет тилинде да мыкты сүйлөп, долбоорлорго катышуусу керектигин белгиледи.
Борборду ачкан долбоордун координатору А.Нуралиева аткарылган иштер тууралуу презентация жасап, анын негизги максат-милдеттерин белгиледи. Ал эми коноктор борбордун ишине ийгилик каалашты.
Студенттердин атынан студенттик парламенттин төрагасы М.Токтобеков, президенттик стипендиянын ээси А.Жекшенбеков ыраазычылык билдирип, университеттин студенттери үчүн мүмкүнчүлүктөр дагы кеңейгенин кошумчалашты.