Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Нарын

Айыл турмушу: Ж.Телтаева 10 жыл мурун сатып алган машинкасы менен жүн ийрип, кол өнөрчүлүк кылат (видео)

Turmush -  Нарын районунун Миң-Булак айылынын 45 жаштагы тургуну Жыпара Телтаева үйүнөн машинка менен жип ийрип иштейт. Анын жумушу менен аймактык кабарчы таанышып келди.

Жыпара Телтаева көп убакыттан бери кол өнөрчүлүк менен алектенет.

«Бул жүн ийрүүчү машинканы 10 жылдан бери колдоном, колго жасагандан көрө машинка менен тегиз жана ыкчам бүтөм. Көпчүлүк ушул машинкага кызыга беришет. Убагында бул оокатты "Россияныкы, бузулбайт" деген соодагерден дароо сатып алгам. Бул машинка менен шырдакка керектүү жээк, шоона ийрип, балдарыма кол кап, байпак жасап берем», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1761
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×