Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Нарын облусуНарын району 05.06.2018 15:44

Айыл турмушу: Акын жана сатирик Э.Ибраевдин классташы  Кукалай апа айылдагы кызыл тамдан мектепти аяктаган (фото)

Turmush -  Нарын районунун Кеңеш айылынын тургуну, баатыр эне, акын жана сатирик Эсенгул Ибраевдин классташы Кукалай Турдумамбетова учурда небере жыттап, уулунун төрүндө. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Кукалай Турдумамбетова 1934-жылы Нарын районуна караштуу Чет-Нура айылында төрөлгөн. 1948-жылы Нарында медициналык орто окуу жайда окуп жатканда турмушка чыгып, окусун таштап койгон.

«Турмушка чыккандан кийин окуум калды. Айыл жашоосу менен алек болуп, колхоздо иштеп калдык. Ал убакта бар-жокту көрдүк. Жөн эле чоңое калыптырбызбы, арпа ушалап, жарма жасап ичтик. Согуш мезгилинде мен 9 жашка чыгып калган кыз болчумун. 1940-жылдан 1950-жылга чейин талаадан арпа таап келчүбүз. Азыркы заман чындыгында жыргал жашоо. Ушундай эле болсун.

Кийинки күндөрү кулагым жакшы укпай, көзүмдүн көрүүсү начарлады. Буттарым ооруйт, ошондуктан сыртка чыгып, күнгө кактала калам.

Э.Ибраев экөөбүз теңбиз, бир мектепте окуганбыз, тоого да бир чыкчубуз, үйүбүз да жакын болчу. Чоң кызыл тамда бир эле класс бар эле, ошондо окучубуз. Бала кезинде эле Э.Ибраев жамакчы болчу. Өзү 2 бир тууган. Кийин мен турмушка чыктым, ал Бишкектен окуп-чокуп жүрдү. Жаш кезинде кыздарга ыр чыгарып, жаман-жакшы чыгармаларды жазып, кыйын жигит болчу. Жакында эле "Э.Ибраевдин сатирасы" деген сынакта 4 облустун ичинен Кеңеш айылы 1-орунду алып келишти. Аны угуп алып уккан кулагым сүйүндү», - деди ал.

Кукалай Турдумамбетованын 9 баласы, 26 небереси жана 12 чөбөрөсү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×