Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 05.06.2018 13:11

Айыл турмушу: 12 аялдан түзүлгөн «Энелер ынтымак» тобу маданий иш-чараларга катышып, кол өнөрчүлүк менен алектенет (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагындагы ден соолук комитетинде иштеген 12 аял «Энелер ынтымак» тобун түзүп, маданий иш-чараларга катышып жатат. Айылдын атын чыгарган айымдар менен аймактык кабарчы таанышты.

Аталган топтун төрайымы Дунехан Бакированын айтымында, алар кол өнөрчүлүк менен да алектенишет.

«Айылдык ден соолук комитетинде айлык маяна төлөнбөгөндүктөн, ошондой эле кол өнөрчүлүктү унутта калтырбоо үчүн жаштарга үйрөтүп жатабыз. Мындан тышкары майрамдарда дайыма эл ичиндеги таланттар менен маданий иш-чараларды уюштуруп келебиз», - деди ал.

Энелер эзелтеден согуп келген килем, таарларды унутта калтырбоо үчүн жаштарга үйрөтүшөт. Муну менен катар кыздарга сеп даярдап, киреше таап жатышат. Алар даяр болгон килемди 20 миң сомго чейин баалашат. Ал эми кыздын себи 6 миң сомдон 15 миң сомго чейин бааланат. «Энелер ынтымак» тобу түзүлгөндөн тарта жергиликтүүлөр буйрутма берүүдө.

«Кол өнөрчүлүктө тапкан кирешебизди өзүнө сарптап, үйгө жумшайбыз. Жүн, жип, кездемелерди сатып алып баштадык», - деди топтун мүчөсү Кыздаркан Кожоева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×