Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 05.06.2018 13:42

Айыл турмушу: Айыл чарбасы менен алектенген К.Ибраев Орто-Нурага зер буюмдарын чыгаруучу цех ачты (фото)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Орто-Нура айылынын 32 жаштагы тургуну Келдибек Ибраев зергерчиликти 3 жыл мурда досунан үйрөнүп, айылына чакан цех ачты. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Келдибек Ибраев айылда дыйканчылык жана малчылык алектенип келет.

«Досум Нарын шаарындагы базарда дүкөн ачып, зергерчилик менен алектенип ишкерлик кылчу. Анын жанында жүрүп зергерчиликти үйрөнүп алдым. Кийин ал досум зергерчиликти таштап, башка чөйрөгө өткөндүгүнө байланыштуу бардык керектүү шаймандарды мага калтырып кеткен. Ошентип айылыма келип иштеп баштадым. Буга чейин айылда жашагандыктан дыйканчылык менен алектенип, мал бакчумун. Азыр күмүштөн сөйкө, шакектин түрлөрүн жасайм. Бир күн кечке жасаган шакекти жубайыма белекке бергем. Бул шакекти эң мыкты эмгек деп эсептейм. Баалары болсо жасалганына жараша 500 сомдон 1000 сомго чейин.

Зергерчилик менин хоббим жана кошумча киреше булагым. Күн жылуу учурда башка иштер менен алектенем, күн сууктап кыш болгондо зергерчилик кылам», - деди ал.

Келдибек Ибраевдин айтымында, айыл эли зер буюмдарына көп маани беришпейт. Алар эски сөйкө-шакектерин жаңыртып кетишет. К.Ибраев айылга келгенден бери сегиздей шакек, үчтөй сөйкө жасаган.

«Айыл жергесинде көп суроо-талап жок болгондуктан, айыл тургундары эски зер буюмдарын жаңыртып жасап берүүгө же оңдотууга гана кайрылышат. Учурда айылдагы досум менен бирге чакан цех ачып иштетип жатабыз. Мындан сырткары зергерчиликти үйрөнөм деген балдарга үйрөтүп жатам.

Алдыда каражат топтоп, айылда эле эмес Нарын шаарына дагы цех ачууну көздөп турам. Мындан тышкары, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата туристтер үчүн күмүштөн азем белектерди чыгарууну көздөп жатам. Бирок быйыл каражат толук топтой албаганыма байланыштуу бул ишке ашпай калчудай болуп турат. Алтынды дагы иштетүүнү көздөп турам, бирок азыр бизде алтынды иштетүүчү шаймандар жок болуп жатат», - деди К.Ибраев.

Ал 28 жашында үйлөнгөн, учурда келинчеги менен бирге 1 уулду тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×