Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Нарын

Айыл турмушу: 35 жыл окуучуларга билим берген Т.Султаналиева мектепке сумкасын унутканын эсинен чыгарбайт (фото)

Turmush -  35 жыл мектепте мугалим болуп иштеп, бир нече окуучуларды уядан учурган Таалайкан Султаналиева менен аймактык кабарчы таанышып келди.

Таалайкан Султаналиева 1959-жылы Ак-Талаа районунун Коңорчок айылында төрөлгөн. Учурда 60 жашка чыгып неберелерин багып үйдө. 35 жылдык тажрыйбасындагы окуучулары бүгүнкү күнгө чейин кабарларын үзбөй келип турушат.

«Окутуп, тарбия берген окуучуларым жакшы чыкса, ийгиликтерге жетсе, аларды көрүп өзүмдү бактылуу сезем. Башкысы алардын жашоодон өз ордуларын таап, бактылуу жашоосун, амандыгын гана тилейм. Учурунда окуткан окуучуларым бүгүнкү күнгө чейин келип менден кабар алып, ал-ахвалымды сурап турушат. Бул мен үчүн учурундагы эмгектин үзүрү деп билем, бизге ушул гана керек.

Убагында кызыктуу күндөр абдан эле көп болду. Жумушка жаңы келген кезим, баары бир жаштык кезде шашма, баладай болот эмессиңби, балдарга сабак өтүп үйгө кеттим. Барып эле үйдөн сабак жазайын деп сумкамды таппай калдым, көрсө нөлөбөй класстай болуп мектепте калып калыптыр. Эртең менен эрте барсам кароолчу бар экен, сумкамды алып эле сабак жазып баштадым. Ал кезде жоопкерчилик деген күчтүү болчу. Адам баскан изин унутпаш керек. Мен ошол кезде чогуу иштешкен кесиптештеримди, окуучуларымды эч качан унутпайм, баары эсимде.

Учурда небере багып үйдөмүн, балдарым үйлөнүп-жайланган, кудайга шүгүр», - деди ал.

Таалайкан Султаналиеванын учурда 5 баласы, 6 небереси бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2146
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×