Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Ысык-Көл

Жети-Өгүздүн тургуну Э.Жунушев аз камсыз 3 үй-бүлөгө үй куруп жатат (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын 40 жаштагы тургуну Эрмек Жунушев аз камсыз 3 үй-бүлөгө турак үй куруп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, турак үйлөрдүн бири толук курулуп бүтсө, экинчиси Жети-Өгүз районунун 40 жаштагы тургуну, 6 баланын жалгыз бой энеси Рыскан Намазбековага курулуп баштады.

Р.Намазбекова жолдошу менен 17 жыл батирде жашаган, 3 жыл мурун жолдошу каза болуп калган. Учурда бул үй-бүлөгө үч бөлмөлүү үй курулуп жатат. Ал эми үчүнчү турак үй Саруу айылынын тургуну, 7 баланын жалгыз бой энеси Гүлзат Султанказиевага курулуп жатат. Аны жакын арада бүткөрүү пландалууда.

Э.Жунушев 2010-жылы «Адеп ахлак» кайрымдуулук фондун түптөгөн. Учурда Жети-Өгүз районунда аз камсыз, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүп келет. Жакында эле 50 үй-бүлөгө азык-түлүк иретинде жардам берген.

Кайрымдуулук иштерди ал демөөрчүлөрдүн көмөгү жана өздүк салымы менен ишке ашырат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1442
Көп окулду
×