Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Нарын облусу, Нарын 04.06.2018 11:36

Айыл турмушу: 55 жаштагы Ж.Тилембаева балдарга шахмат үйрөтүп, жеке мектеп ачууну пландап жатат (фото)

Turmush -  Нарын облустук балдарга билим берүү борборунун шахмат ийриминин мугалими Жылдыз Тилембаева 37 жылдан бери балдарга шахмат үйрөтүп, алардын ийгиликтерди жаратуусуна себепкер болуп келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Жылдыз Тилембаева 1963-жылы Нарын облусуна караштуу Кочкор айылында төрөлгөн. Үй-бүлөсү менен шахмат ойногондуктан бала кезинде эле шахматка жакын болгон. Бир тууган байкеси жана эжесинен үйрөнгөн билимин учурда окуучуларга берип жатат. Анын Нарын облустук балдардын билим берүү борборунда иштегенине 37 жылдын жүзү болду.

«Жылдан жылга ата-энелер балдарын шахматка жазып коюуну суранып көп кайрылышат. Алар интернетте отуруп көздөрү кызарып келет деп айтышат. А, чындыгында компьютер көзгө, мээге өтө зыян. Ал эми шахмат оюнунда балаң ойчул болот, баарын таразалап, ойлонуп иш кылып калат. Шахмат математика менен тыгыз байланышта, карап көрсөк шахматты билген бала математиканы ткз өздөштүрүп кетет. Ал эми математикадан жакшы окуган бала шахматты да жакшы билет. Мурда 10 жаштан өйдө келчү эле, азыр эми 4 жаштагы кызга үйрөтүп жатабыз. Себеби алардын кабыл алуусу өтө тез, мээси сергек, тунук, таза болот.

Биздин бөлүмдө окуу бекер болгондуктан, айтор жүрүштөрүн үйрөнүп алып эле кетип калып жатышат. Бирок ошого карабастан биздин окуучулар ийгиликтерди жаратып эл аралык сынактарга чейин барып, Нарындын намысын коргоп келип жатышат.

Ал эми жеке менчик мектептерде болсо жакшы экен. Бишкектен көрүп келдим , окуу бекер болбогондуктан бала аягына чейин келип, жакшы катышышат экен. Ата-энелер да кызыктар болот экен. Мындан улам жеке менчик мектеп ачсамбы деп жүрөм, себеби келечекте Нарындан чемпиондорду чыгарсамбы деген чоң үмүт-тилегим бар», - деди ал.

Шахматчы үй-бүлөлүү, 2 кыз, 2 эркек баласы жана 2 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×