Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Нарын

Тоголок Молдо айылынын тургундары медициналык кароодон акысыз өттү (фото)

Turmush -  Нарындагы жаш дарыгерлер Тоголок Молдо элинин ден соолугун акысыз кароодон өткөрүштү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, 1-июнда Нарындын жаш дарыгерлери Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын, үй-бүлөлүк медицина борборунун жана Ак-Талаа районунун администрациясынын колдоосу менен аталган райондун Тоголок Молдо айылынын жашоочуларын акысыз медициналык кароодон өткөрүп, жардам көрсөтүштү. Иш-чаранын алкагында жергиликтүү калк эндоскоп, УЗИ, ЭКГ аппараттары аркылуу текшерилип, терапевт, кардиолог, уролог, невролог, ортопед жана педиатрдан кеңеш алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Жаш дарыгерлер жүздөн ашык адамды кабыл алууга жетишкен. Кароодон өткөн жергиликтүү тургундар ыраазычылыктарын билдиришти. Мындай акцияларды башка райондордо дагы улантуу пландалып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1478
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×