Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Ош облусу, Ош 04.06.2018 09:51

АКИ-TV: 13 жаштагы Аяна Алла Пугачёванын ырын орус, француз, корей тилдеринде ырдап чыкты

Turmush -  Ош шаарынын 13 жаштагы тургуну Аяна Малабаева атактуу Алла Пугачёванын аткаруусундагы «Миллион алых роз» чыгармасын орус, француз, корей тилдеринде ырдап чыкты. Жаш ырчы кыздын репертуарында учурда 20га жакын ыры бар. Алардын ичинен аталган ыр жүрөгүнө жакын экенин аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди.

«Ырларды мага агайым Маматмуса Бакиров тандап берет. Мен 4-класстан бери ырдап келем. Ата-энем эки жыл мурун «Келечек» балдардын чыгармачылык борборуна беришкен. Эки жылдан бери гитара менен ырдаганды үйрөнүп жатам.

«Миллион алых роз» ырын алгач орус, корей тилдеринде ырдап жүргөм. Бир күнү агайым бул ырдын француз тилинде ырдалган вариантын социалдык тармактардан жөнөтүп жибериптир. Аны жактырып, сөздөрүн жазып чыктым. Атам дагы француз тилине жакын тилдерди билгендиктен ырдын текстин текшерип берди. Ошентип бул ырды 3 тилде ырдап калдым.

Адатта туура эмес дем алуу ырды нугунан чыгарып жиберет. Мен мындай кемчиликтерди кетирбөө үчүн вокалдан, гитарадан сабак алам. Мага бир ырды жаттоого 5 мүнөт убакыт жетишет. Ал эми агайым "мектептеги сабактардан 3 деген баа алсаң, музыка сабагына келбей эле кой" деп тамашалап калат. Мен мектепте дагы жакшы окуйм. Музыка менин окуума тоскоол болбойт. Тескерисинче музыка ооруну айыктырат. Мен ооруп калган учурларда агайым "гитараңды колуңа ал" деп көп айтат», - деди жаш талант.

Аяна ар кандай кызыктуу окуяларын да айтып берди.

«Бир жолу жергиликтүү телеканалдардын бири эфирге чакырып калышты. Агайым эртерээк кел деген. Карасам жанымда 1 сомум дагы жок экен. Ошол күнү ата-энемден акча албай калыптырмын. Эмне кылсам деп ойлонуп жатып, атам менен апамдын кийимдеринин чөнтөгүнөн акча издегем. Акыры 5 сом табылып, автобус менен кечикпей эфирге барып калдым. Кайра үйгө кайтууга акчам жок болгондуктан жөө келип, атамдан уруш укканым эсимден кетпейт.

Учурда 20га жакын ырым бар. Майрамдарда мектепте ырдайм. Апам дагы ырдап берчи деп көп суранат. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын экинчисимин. Атам орган кызматкери болсо, апам жеке фирмаларда эмгектенет. Үйдө менден башка эч ким ырдабайт. Туулган күндөрдө үйдөгүлөрдү ырым менен куттуктап турам. Ата-энем менин ырдаганымды колдоп турушат», - дейт ал.

Аяна Малабекова шаардагы С.М.Киров атындагы мектепте 7-класста аяктады. Келечекте юрист болууну кыялданат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×