Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Нарын облусу 03.06.2018 12:58

Нарында ВИЧ жуктургандардын саны азайды, - дарыгер

Turmush -  Нарын облусунун аймагында ВИЧ инфекциясын жуктурган 164 адам каттоодо турат. Анын ичинен 2 учуру жаңы табылып, былтыркы жылга салыштырмалуу 9 учурга азайды. Катталгандардын 70 пайызы эркектер болсо, 30 пайызы аялдар экенин Нарын облустук СПИДге каршы күрөшүү борборунун башкы дарыгери Айнагүл Бектурсунова кабарчыга билдирген.

Башкы дарыгердин айтымында, ВИЧ инфекциясын алдын алуу үчүн калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жаңы учурлардын, каза болгон бейтаптардын санын жана ВИЧ инфекциясына чалдыккан адамдарга болгон басмырлоо, кодулоону азайтуу борбордун эң негизги иштеринин бири болуп саналат.

«Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ВИЧ СПИДге чалдыккан адамдарды социалдык жактан коргоо, басмырлоону жана кодулоону азайтуу үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, өкмөттүк эмес уюмдар, ден соолук комитеттери жана тармак аралык мекемелер менен план кабыл алынып, бирдиктүү иштер жүрүп жатат. Жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжасында ВИЧ инфекциясынын жаңы табылган учурларынын азайгандыгы байкалууда. Мындан сырткары дарыгерлер кош бойлууларды өз убагында каттоого алып, жеткиликтүү иш алып баргандыктан ВИЧ жугузган кош бойлуулардан төрөлгөн балдардан инфекция аныкталган жок. Адатта мындай энелердин балдары 1,5 жашка чыкканда так диагнозу аныкталып, көзөмөлдөн чыгарылат.

ВИЧ инфекциясын азайтуунун дагы бир жолу — аларды эрте таап, каттоого алып, вируска каршы дарыларды дайындоо. Дарылар донордук уюмдар аркылуу бекер берилет. Бейтаптар дарыгерлердин кеңешин туура кабыл алып, дарыларды үзбөй ичип турса жашоосу жакшырып, өмүрүнүн узарышына өбөлгө түзүлүп, башкаларга жүктурбоонун алдын алат.

Мындай дартка кабылгандарды коомчулук, уй-бүлө мүчөлөрү жана туугандары басмырлабай жакындан колдоо көрсөтүп, түшүнүү менен мамиле кылышса ВИЧ инфекциясы мындан дагы азаят деген ойдобуз», - деди А.Бектурсунова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×