Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ысык-Көл

Түптө Бүткүл дүйнөлүк чылым чегүүгө каршы күрөшүү күнү белгиленди (фото)

Turmush -  Түп районунда кечээ, 31-майда Бүткүл дүйнөлүк чылым чегүүгө каршы күрөшүү күнүнө карата акция өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, акция «Адамзат ден соолугу» коомдук бирикмеси, үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жана айылдык ден соолук комитеттери тарабынан уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө тамекинин зыяндуулугу тууралуу китепчелер таратылды.

Ден соолукту чыңдоо кабинетинин адиси Жаныбек Жылкыбаевдин айтымында, тамекинин ден соолукка жана үй-бөлөлүк бюджетке келтирген зыянын эсептеп беришти.

«Тамекинин курамындагы никотиндин пайызын көрсөткөн аппарат менен жашоочуларды текшерип, чылымдын үй-бүлөлүк бюджетке келтирген зыянын эсептедик. Мисалы, Кудургу айылынын тургуну 36 жыл тамеки тартып, 390 миң сом короткон. Ал эми Шаты айылынын тургуну 40 жыл чылым чегип, жарым миллион сомго жакын акча короткон же болбосо кымбат баадагы унаанын акчасын шамалга чачып жиберген. Тургундар бул сумманы уккандан кийин бүгүнкү күндөн баштап тамекини таштай турганын убадалашты», - деди Ж.Жылкыбаев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 917
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×