Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуКочкор району 01.06.2018 09:11

Кочкордун мыкты мугалими деп аталган А.Султанова 10 000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды (фото)

Turmush -  Кочкор районунда «Мыкты мугалим -2018» кароо сынагы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу-методикалык кабинетинин башчысы Астра Асаналиева билдирди.

Маалым болгондой, сынак мугалимдик кесиптик кадыр-баркты кѳтѳрүү, ишине чыгармачылык менен мамиле кылган таланттуу мугалимдерди табуу жана аларга колдоо кѳрсѳтүү, райондогу мыкты мугалимдердин педагогикалык тажрыйбаларынын алкагында алдыңкы иш тажрыйбаларды жайылтуу максатында ѳткѳрүлдү. Сынакка райондогу 33 мектептин мугалимдери катышып, ѳзүнүн иш тажрыйбасы боюнча презентация, 5-8 мүнѳттүк сабактын бѳлүгүн ѳтүү, оригиналдуу кѳрсѳтмѳ курал, педагогикалык-психологиялык суроо-жооп, автордук сабактардын иштелмелери, «Азыркы коомдогу билим берүүнүн ролу» деген аталыштагы педагогикалык, философиялык ой жүгүртүү эссе жазуу тапшырмаларын аткарышты.

Сынакка катышкан мугалимдер кесиптик жогорку деңгээлин кѳрсѳтүшүп, жыйынтыгында Ш.Абдылдаев атындагы орто мектебинин математика мугалими А.Султанова баш байгеге ээ болуп, Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн ардак грамотасын жана 10 000 сом акчалай сыйлык алды. Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиянын башталгыч класстар боюнча мугалими Р.Сооданбекова биринчи орунду ээлеп, Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн ардак грамотасы, 5000 сом акчалай сыйлык, экинчи орунду К.Темиров атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Ж.Асанова ээлеп, Кочкор райондук билим берүүбѳлүмүнүн ардак грамотасы, 3000 сом акчалай сыйлык, ал эми үчүнчү орунга К.Акназаров атындагы орто мектебинин география мугалими Чолпонкул уулу Нурадил ээ болуп, Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн ардак грамотасы, 2000 сом акчалай сыйлык менен сыйланышты. Акчалай сыйлыктар райондогу педагогикалык кызматкерлеринин профсоюзунун эсебинин каржыланды.

Сыйлыктарды Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн башчысы У.Ѳзүбеков жана педагогикалык кызматкерлердин профсоюзунун тѳрагасы А.Темиров тапшырып, мугалимдердин иштерине ийгиликтерди каалашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×