Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 31.05.2018 20:01

Нарында СПИДден каза тапкандар эскерилди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 31-майда Нарын шаарындагы «Смарт парк» эс алуу жайында Нарын облусу боюнча СПИД менен ооруп көз жумгандарды эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бул иш-чара дүйнө жүзүндө 30 жылдан бери өткөрүлөт. Нарын облусунда дагы эскерүү, түшүндүрүү иштери жыл сайын майдын үчүнчү жумасында белгиленип келүүдө.
Аталган эскерүү жана түшүндүрүү иш-чарасын Нарын облустук СПИДге каршы күрөшүү борбору уюштуруп, ага Нарын облустук медициналык колледжинин студенттери, облустук медициналык мекемелердин кызматкерлери жана шаар тургундары катышууда. Иш-чаранын негизги максаты — СПИД/ВИЧ оорусунун алдын алуу жана бул ооруга чалдыккандарды басмырлоо, кодулоо маселесин жою, ошондой эле аталган оорудан каза тапкандардын санын азайтуу болуп саналат.

Нарын облустук СПИДге каршы күрөшүү борборунун эпидемиолог-дарыгери А.Кенжекариеванын айтымында, Нарын облусунда былтыркыга караганда СПИД менен ооругандар азайды.

«Бүгүнкү күнгө чейин 165 учур катталып, анын ичинен 29 адам көз жумган. Бул ооруга чалдыккандардын 30% аялдар, 70% эркектер», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×