Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 31.05.2018 15:22

Кажы-Сайдагы музыкалык мектепке композитор Ж.Шералиевдин ысымы ыйгарылды (фото)

Turmush -  Тоң районунун Кажы-Сай айылындагы музыкалык мектепке эл артисти, мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, композитор, аткаруучу Жумамүдүн Шералиевдин ысымы ыйгарылды.

Аймактык кабарчынын айтымында, мындай чечимди айылдык кеңеш кабыл алган. Иш-чарага райондун акими, Ж.Шералиевдин урпактары жана жергиликтүү тургундар катышып, ал концерттик программа менен коштолду.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө марафон уюштурулду. Марафондон түшкөн каражат музыкалык мектептин материалдык базасын чыңдоого жумшалат. Мындан тышкары демөөрчүлөр 297 миң сом акчалай жардам көрсөтүшүп, ага музыкалык аспаптар жана эмеректер алынды.

Жумамүдүн Шералиев Кыргыз ССРнин эл артисти, мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, композитор, чебер аткаруучу, улуу устат болгон. Ал 700гө жакын обондун автору.

Аталган мектепте 65 окуучу билим алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×