Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ысык-Көл

Балыкчы шаардык ооруканасынын ашканасы 3,5 млн сомго оңдолот

Turmush -  Балыкчы шаардык ооруканасынын ашканасы капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын каржы бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, ашкана республикалык дем берүүчү гранттын эсебинен оңдолот.

«Тамак даярдоочу жайды жаңылоо, андагы ашпозчулардын ишин жеңилдетүү, шарт түзүү максатында оорукананын жетекчилиги дем берүүчү грант алууга долбоор жазышкан. Шаардык мэриянын дем берүүчү грантты бөлүштүрүү боюнча комиссиясы оорукананын долбоорун колдоп берди. Долбоордун жалпы суммасы 3 млн 535 миң 103 сомду түзөт. Анын ичинен 600 миң 968 сом шаардык бийлик тарабынан бөлүндү», - деп айтылат маалыматта.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 779
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×