Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Баракелде

Коопсуздук кеңешинин катчысы Бабанов менен Мырзакматовдун «тагдыры» кандай болорун айтты

Turmush -  Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн, 31-майда Бишкектеги маалымат дыйында Бабанов менен Мырзакматов боюнча иштер кандай болорун айтты.

Ал Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен адамдар боюнча кандай иштер аткарылып жаткандыгын айтып, Мелис Мырзакматов жана Өмүрбек Бабанов боюнча иштер жүрүп жаткандыгын, алар боюнча көп маалымат бере албай тургандыгын кошумчалады.

«Сооронбай Шарипович Соттук реформа боюнча кеңештин отурмунда жакынкы убакытта кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн жарактуу мөөнөттүн өтүп кетиши жөнүндөгү түшүнүктү такыр алып салуу маселеси карала тургандыгын билдирди. Бул эмнени билдирет? Эгер адам өзүнүн күнөөсүн мойнуна албай жана мамлекетке келтирилген материалдык чыгымды толугу менен төлөп бербесе анда ал адам кылмыш жоопкерчилигинен бошотулбайт. Албетте коррупция беренеси менен жүрүп жаткан бардык иштерде мөөнөтүнүн өтүп кетиши болбойт», - деди ал.

«Ошондуктан эгер Бабанов менен Мырзакматовдун күнөөлөрү далилденсе алар жоопкерчиликке тартылат. Эгер алар күнөөлүү деп табылса эртеби кечпи алар кармалып, Кыргызстандын аймагында алынып келинет. Кыргызстан эл аралык мамилелердин алкагында кылмыш иштер боюнча өз ара жардамдашуу жөнүндө көп тараптуу келишимдерге кол койгон. Ошондуктан бул келишимге кол койгон кандай гана мамлекет болбосун аларды Кыргызстанга жеткирүүгө кызыктар болот», - деди Дамир Сагынбаев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9952
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×