Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Нарын

Нарында тургундарга аз кандуулуктун алдын алуу боюнча кеңештер берилди (фото)

Turmush -  Нарын шаарында аз кандуулуктун алдын алуу боюнча акция болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, акцияны Нарын облустук ден соолукту чыңдоо кабинети, облустук аялдар кеңеши уюштурду. Максаты — аз кандуулуктун алдын алуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Ага шаар тургундары, аз кандуулук менен жабыр тарткандар жана кош бойлуу энелер катышты. Катышуучуларга ден соолукту чыңдоо кабинетинин адистери оорунун алдын алуу боюнча тушүндүрмө беришип, сактануунун жолдорун айтышты.

Акциянын жүрүшүндө кош бойлуу энелер үчүн ар кандай сынактар жана викториналык кызыктуу оюндар уюштурулду. Сынактын катышуучуларына викториналык суроолор таратылып берилип, андагы аз кандуулук боюнча суроолорго жооптор алынды. Аз кандуулук боюнча акыйнек айтылып, ырлар окулду. Таза колдор сынагында колду таза жуунун эрежелери көрсөтүлдү. Мындан сырткары тез арада жасалуучу салаттар сынагы өткөрүлдү. Акциянын аягында сынактардын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан чакан белектер тапшырылды. Акцияга активдүү катышкан кош бойлуу энелерге уюштуруучулар ыраазычылыктарын билдиришти.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 962
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×