Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Нарын

Айыл турмушу: Жарым-жартылай азиз ырчы Айганыш Россиядагы сынактан Валериянын ырын аткарып 3-орунду алган (фото)

Turmush -  Нарын шаарынын 22 жаштагы тургуну Айганыш Бейшеналиева чыгармачылыкка киришип, ыр жаздырып сахнага чыга баштаганына быйыл 8 жыл болот. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Айганыш Бейшеналиева 1995-жылы Нарын шаарында төрөлгөн, чыгармачылыкка кызыгып «Кыз-Бурак» тобунун, Д.Акулованын ырларын угуп, «Мираж» тобунун ырларын тили келбесе да ырдап чоңойгон. Барган сайын ырчы болууга кызыгып, үйдөн апасынын жоолуктарын, пардаларын оронуп алып индия тасмаларындагы, «Клон» сериалындагы каармандарды туурап бийлечү.

Учурда Айганыштын оң көзү көрбөйт, сол көзүнүн 50 пайызы көрөт. Бирок ырчы ден соолугуна карабастан алдыга умтулуп, жаңы ырларды жаздырып жатат.

«2010-жылы “Арнайм сага апа” деген сынакка чакырышты. Ошол жактан Айгерим Расул кызы менен чогуу дуэт аткарып калдым. Ал жактан баары жакшы ырдайт экенсиң деп, калыстар да жакшы бааларын көрсөткөндө, менде өзүмө болгон ишеним артып “мен ырчы болсом болот турбайбы” деген жакшы үмүт пайда болду. Ошондон бери түрдүү кароо-сынактарга катышып, алдыңкы орундарга жетип, ийгиликтерди багындыра баштадым.

Ийгиликтерим жөнүндө айтсам, эң биринчи сынактан 2-орунду ээлеп уюлдук телефон утуп алгам. Ошол учурда телефонго жете албай жүргөн учурум болчу, андан соң Камчыбек Жусупов агайдын сынагында башкы байгени, кийин телевизор утуп алдым, андан соң “Мыкты үн” деген наам алдым», - деди ал.

Анын репертуарында учурда 13 чыгарма бар.

«Чыгармачылыкта дайыма мага колдоо көрсөтүп жанымда болгон – бул менин апам. Мени кооздоп, колума кол, бутума бут болуп мени түшүнөт. Алдыда бир чыгарманы кыргызчага которуп жаздырып жатам, буюрса жакынкы убакытта жарыкка чыгат. Репертуарымда жалпы 13 ыр бар, жазылып жаткан 2, катылып жүргөн дагы 1 ырым бар. Үйдө өзүмдүн бөлмөм бар, ошол жакта өзүмчө ырдап даярданам. 8 жылдан бери чыгармачылык менен алек болуп, ар түрдүү сынактарга катышып келем. Келечекте жакшы пландарым көп, хип-хоп бийине кызыккан кыздарды чогултуп, бий тобун ачсамбы деп жатам.

Апам кош бойлуу кезинде ооруп калыптыр. Ошондон улам төрөлгөндөн кийин оң көзүм көрбөй калды, сол көзүмдүн 50 пайызы көрөт. Дарыланып көрдүк бирок айыккан жок», - деди ал.

Айганыш орус ырчысы Валерия уюштурган сынакка катышып, «Нежность моя» деген чыгармасын аткарып, 3-орунду камсыз кылган. Үй-бүлөдө 3 бир тууган, ата-энеси бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2787
Көп окулду
×