Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 30.05.2018 09:13

Нарында «Жаш таланттар-2018» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Нарын шаарында «Жаш таланттар-2018» кароо-сынагы жыйынтыкталды. Бул тууралуу калыстар тобунун төрайымы Н.Айыпова билдирди.

Маалым болгондой, сынак «Манас» эпосунан үзүндү айтуу, ырдоо, бийлөө, улуттук аспапта ойноо, кол өнөрчүлүк боюнча өтүп, ага облустун аймактарынан келген 300гө чукул таланттуу окуучулар катышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүп, калыстардын сынынан өтүштү. Кароо-сынактын жыйынтыгында өкмөттүн Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева жана калыстар тобунун мүчөлөрү өнөр ээлерин куттуктап, 1-2-3-орундарга ээ болгон окуучуларга тиешелүү даражадагы дипломдор менен 600 сом, 500 сом, 400 сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Кароо-сынактын жеңүүчүлөрү:

«Манас» эпосунан үзүндү айтуу боюнча:
- 1-орун Садыбакасов Адилет (Нарын району);
- 2-орун Майрамбек уулу Назар (Ат-Башы району);
- 3-орун Жетиген уулу Айдар (Нарын району).

Дастан айтуу боюнча:
- 1-орун Садыбаксов Адилет (Нарын району);
- 2-орун Майрамбек уулу Назар (Ат-Башы району);
- 3-орун Жетиген уулу Назар (Ат-Башы району).

Сүрөт тартуу боюнча:
- 1-орун Апышова Нуркыз (Нарын району);
- 2-орун Барктабасов Бекзат (Кочкор району);
- 3-орун Рысбеков Канат (Ак-Талаа району).

Бийлөө боюнча:
- 1-орун «Сезим» бийчилер тобу (Кочкор району);
- 2-орун «Наристе» бийчилер тобу (Нарын шаардык маданият үйү);
- 3-орун «Кыял» бийчилер тобу (Ак-Талаа району).

Улуттук аспапта ойноо:
- 1-орун Кастарбекова Кылым (Нарын шаары);
- 2-орун «Акак» комузчулар тобу (Ак-Талаа району);
- 3-орун Иличбек кызы Асел (Кочкор району).

Ырдоо боюнча:
- 1-орун Бакыт уулу Нурболот (Нарын шаары);
- 2-орун хор ырдоо (Нарын шаары);
- 3-орун Шаабеков Сыймык (Ак-Талаа району).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×