37 жаштагы С.Исабаев Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүн жетектейт

Turmush - Исабаев Санжар Мамадиярович Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Ал тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы бүгүн, 29-майда билдирди.
Өмүр баяны:
Санжар Исабаев 1981-жылы туулган. 2004-жылы Кыргыз-орус славян университетин аяктаган жана учурда юстициянын 3-класстагы кеңешчиси.
- 2005-жылдан 2015-жылга чейин Жогорку соттун аппаратында улук референт, улук консультант, бөлүм башчысы жана Жогорку соттун төрайымынын жардамчысы болуп эмгектенген;
- 2015-жылдан 2016-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүндө эксперт болуп иштеген;
- 2016-жылдын апрель айынан 2018-жылдын май айына чейин Бишкек шаардык сотунда судьялык кызматты аркалаган;
- 2018-жылдын 29-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.