Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 29.05.2018 12:54

Нарында маданий сынактын жеңүүчүлөрү республикалык фестивалга жолдомо алышты (фото)

Turmush -  Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Нарын шаарындагы жогорку окуу жайлар арасында «Достук» фестивалынын алкагында маданий кароо-сынак өтүп, анын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу аймактык карачы билдирди.

Маалым болгондой, аталган фестивалдын алкагында өткөрүлгөн кароо-сынак Нарын мамлекеттик университетинин студенттер комитети тарабынан уюштурулду. Сынакка жалпы 35 талапкер катышып, алардын арасынан 25 студент калыстардын баалоосу менен жеңүүчү аталып, 23-июнда Ош шаарында өтө турчу «Достук, жаштык, ынтымак» республикалык фестивалына жолдомо алышты. Ошондой эле бул сынактын жеңүүчүлөрү Бишкек шаарында өтүлө турчу «Ала-Тоо жазы» фестивалына дагы катышат.

Бул фестивалдын негизги максаты — республикалык ЖОЖдор арасында ички академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, студент жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо жана алардын арасындагы достукту бекемдеп, таланттуу студенттерге коомчулуктун көңүлүн буруу менен аларга моралдык дем берүү болуп саналат.

Бул сынакта татыктууларды тандоого Нарын музыкалык драм театрынын режиссеру Ш.Мендебаиров, Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин мугалими Ш.Асанбекова, С.Нааматов атындагы НМУнун окутуучусу Г.Мунайтпасова, ошондой эле «Тамашоу» долбоорунун редактору Эрнис Мырзабек уулу калыстык кылышып, жеңүүчүлөрдү аныкташты.

Жыйынтыгында уюштуруучулардын атынан активдүү катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×