Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ош облусу, Ош 29.05.2018 13:27

Курманжан датка атындагы Ош лицейинин окуучулары Африкада алтын медаль тагынып, Испаниядагы дебатка жолдомо алышты

Turmush -  Курманжан датка атындагы Ош лицейинде окуучулардын билим сапатын жогорулатуу, кызыгуусун арттыруу, дүйнө таанымын кеңейтүү жана шыгына жараша калыптандыруу, шык берүү максатындагы илимий, эс алуу багытындагы ар кандай иш-чараларды уюштуруу демилгеси улантылып жатат. Май айында дагы мындай иш-чаралардын бир нечеси уюштурулуп, окуучулар жакшы маанайда катышып жатты.

Май айында 10-класстын окуучулары «Кыргызстан – менин Мекеним» иш-чарасын өткөрүп, 7 дубанды кыдырып келишти. Ал эми 9-класстын окуучулары Талас, Жалал-Абад, Арсланбабга барып, көңүлдүү эс алып кайтышкан. 8-класстын окуучулары менен мугалимдер Баткендеги айгүл гүлдү көрүп, Абшыр-Атага барып, эс алып кайтышты.

Лицейдин окуучулары май айынын башталышында Африка континентиндеги Уганда мамлекетинин Кампала шаарында өткөрүлгөн «Технология» сынагына катышууга жолдомо алышкан болчу. Анын жыйынтыгында 10-класстын окуучулары Ысманалиева Бүзейнеп, Сейитова Нурайым, 8-класстын окуучулары Аматова Алия, Айбекова Айбийке, 7-класстын окуучулары Шерова Бегайым алтын медалга ээ болуп кайтышты. Аларды математика мугалими Заирова Жазгүл жетектеп барган.

Май айында 1-класстан баштап 11-класска чейинки окуучулардын ата-энелерине ачык эшик күнү уюштурулуп, анын алкагында окуучулардын отчеттук концерти да тартууланды. Программага алыскы Баткен, Лейлек, Сүлүктү, Исфана шаарында жашаган ата-энелер да күбө болушту.

Ошондой эле Жалал-Абаддагы лицейдин окуучуларынын катышуусунда волейбол, баскетбол, шахмат боюнча турнир өтүп, Ош лицейинин окуучулары тогуз коргоол жана шахмат боюнча 1-орундарга ээ болуу менен ардак грамоталар менен сыйланышты.

Андан кийин Бишкек шаарында өткөрүлгөн республикалык масштабдагы англис тилиндеги дебатка 24 окуучу катышып, андан чыккан жыйынтык боюнча Ош лицейинин окуучуларынан турган 6 команда Испанияда өткөрүлүүчү дебатка жолдомо алышты. Окуучуларды англис тили сабагынын мугалимдери Айганыш Исакова жана Айзада Хамдамова жетектеп барган.

Ошондой эле башталгыч класстын окуучулары Абдиев Алымбек жана Насыров Актилек Америка мамлекетинде өткөн математикалык олимпиадага катышып келишти. Ал эми Иминов Билал Россияда өткөрүлгөн биология сабагынан олимпиадага катышса, «Сапат» билим берүү мекемеси тарабынан өткөрүлгөн бардык сабактар боюнча олимпиадага лицейдин 30 окуучусу катышып, 3 алтын, 8 күмүш, 12 коло медалдар менен кайтып келишти.

Курманжан датка атындагы Ош лицейинде окуучуларга ар тараптуу терең билим берилип жатканы талашсыз. Ошону менен бирге руханий баалуулуктарды тартуулоо да мыкты жолго коюлган. Бул багытта жыл ичинде өткөрүлгөн иш-чаралардагы эң мыкты номурларды аткарган окуучулар Ош мамлекеттик университетинин музыка факультетинде концерттик программасын тартуулашты. Мындай иш-чараны музыка сабагынын мугалими Алымкулова Зуура уюштурууда.

Ошондой эле лицейде жыл жыйынтыгы катары 1-класстан баштап 10-класска чейинки окуучулардын арасында чоң масштабдагы иш-чара өткөрүлду. Анын алкагында ар күнү эртең менен музыкалык көнүгүүлөр жасап, бирден хор ырдаган окуучулар сабактарга кирип жатышты. Андан тышкары мугалимдер жана окуучулар арасында караоке оюндары өткөрүлгөн. Андан тышкары лицейдин алдында улуттук кийим кийишкен окуучулардын жана мугалимдердин катышуусунда улуттук оюндар ойнолуп, бийлер жана ырлар аткарылды. Окуучулардын колу менен тарткан сурөттөрүнүн көргөзмөсү да болуп, жеңил атлетика боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул иш-чарага мыкты катышкандарга лицейдин администрациясы тарабынан грамоталар жана сертификаттар, ар кандай белектер берилген.

24-май күнү Ош кыргыз драм театрында Курманжан датка атындагы Ош лицейинин жана «Сема» атындагы балдар лицейлеринин акыркы коңгуроо аземи болуп өттү. Аземди лицейлердин мүдүрлөрү Хасан Күчүк менен Каипов Сардарбек Таирбекович ачып, ата-энелерге ыраазычылык, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалоо менен эки лицейдин эң алдыңкы 6 окуучусунун ысымын Ардак тактага жазуу жөнүндөгү буйрукту окушту. Акыркы коңгуроо аземге Ош шаардык мэриясынын өкүлү, «Сапат» билим берүү мекемесинин президентинин кеңешчиси Жекшенов Бакытбек Жекшенович, шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Самудинова Дилбар Полотовна, Жогорку Кеңештин депутаты Маматалиев Марлен Абдрахманович да күбө болгон.

Аземдин шаңы 20 жыл жана 10 жыл мурда «Сема» лицейин бүтүргөн окуучулардын мугалимдерге жана тарбиячыларга ыраазычылыктары, каалоолору менен уланып, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелеринин ыраазычылык сөздөрү айтылды. Ал эми быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн мугалимдерге, тарбиячыларга айткан каалоо-тилектери өзгөчө болуп, орус жана кыргыз тилинде даярдалган калоолор лицейдин архивине калтырылды. Андан соң, эки лицейдин окуучулары бүтүрүүчү ага-эжелерине арнаган чоң программадагы концертин тартуулап, аны белгилүү алып баруучу, лицейдин бир кездеги бүтүрүүчүсү Санжар Мыкыев жогорку деңгээлде алып барды.

Ал эми 25-май күнү лицейде 1-класстан 11-класска чейин окуучулар менен биргеликте бүтүрүүчүлөргө арналган салтанаттуу линейка өткөрүлдү. Анда бардык класстын окуучулары ырдап, бийлеп, жакшы каалоо-тилектер айтылды Лицейдин мүдүрү да жалпы окуучулардын, мугалимдердин, тарбиячылардын атынан окуучуларына ак жол каалап, ата-энелер ак баталарын беришти.

Иш-чаранын соңунда 1-класстын окуучулары акыркы коңгуроо какса, 11-класстардын бүтүрүүчүлөрү класстарга акыркы сабакка киришип, алардын ордуна 10-класстын окуучулары кабыл алынды. Жалпысынан бул күн окуучулар, бүтүрүүчүлөр, мугалимдер жана ата-энелер үчүн да өзгөчө күн болду.

Курманжан датка атындагы Ош лицейинин жамааты жаңы окуу жылынын башталышын, сүйүктүү окуучуларынын жаңы дем, жаңы күч менен келип, көптөгөн ийгиликтерди багындырышын күтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×