Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 28.05.2018 17:30

Фото - Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы Кышабад айылына жаңы медициналык пункт куруп жатат

Turmush -  Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагындагы Кышабад айылындагы жаңы медициналык пунктун курулушуна биринчи кыш коюу аземи болуп өттү. Салтанатка Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын президенти Саид Баюми, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, медициналык кызматкерлер жана айыл тургундары катышканын аймактык кабарчы билдирди.

Имараттын курулушун толугу менен аталган уюм каржылап, ал мамлекеттик стандартка ылайык бүткөрүлөт. Жугуштуу ооруулар үчүн атайын өзүнчө эшик менен кирүүчү жай, балдар, терапевтика бөлүмү, эмкана, каттоо бөлмөсү жана санитардык түйүн, жылытуу системасы менен толук түрдө ишке берилет. Мындан тышкары эмеректер, тиешелүү медициналык жабдыктар, дары-дармек сактоочу аппараттар жана башка керектүү шаймандар уюм тарабынан камсыздандырылат. Жаңы курула турган медициналык борбор 5 миңден ашуун калкты тейлейт.

Кышабад айылында буга чейин эскилиги жетип, авариялык коркунучта турган имарат ФАП катары колдонулуп келген. Эми жаңы имарат колдонууга берилсе, кеңейтилген тартипте үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору катары кызмат өтөйт. Ал тиешелүү эмеректер жана атайын жабдыктар менен толук даярдалып, колдонууга берилет.

Саид Баюми жетектеген уюм калктын социалдык муктаждыктарын жеңилдетүү максатында бир топ долбоорлордун үстүндө иштейт. Аталган уюм республиканын аймагында 35 мектеп жана 18 медициналык пункттарды куруп, элге пайдаланууга тапшырган. Мындан сырткары жетим балдарга ай сайын жөлөк пул жана кийим-кече таркатат. Муну менен катар учурда Рамазан айынын урматына жакыр жашаган үй-бүлөлөргө тамак-аш таратып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×