Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Нарын

Ак-Талаанын Жаңы-Тилек айылындагы мектепке 500 миң сомдук музыкалык жабдык берилди (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек айылындагы Сабитакун Жусупбаев атындагы орто мектепке Россияда иштеген мекендештер колдоо көрсөтүп, музыкалык жабдык сатып беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган мектептин ысымын алып жүргөн маркум С.Жусупбаевдин кызы Бүбүкалый Сабитакунованын Россияда иштеген уул-кыздары мектепке 500 миң сомго музыкалык жабдык сатып берип, ошондой эле маданий иш-чаралар өтүүчү чоң сахнаны жасатып беришкен.

Музыкалык жабдык мектептеги акыркы коңгуроо аземинин алкагында тапшырылып, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана колдоо көрсөткөндөр катышты. Иш-чара белгилүү ырчылардын чакан концерттик программасы менен коштолду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1358
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×