Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Нарын облусуЖумгал району 28.05.2018 12:27

Эл ичи — өнөр кенчи: Кичинесинен Токтогул атка конгон Эламан чет элдик чыгармаларды комузга салат (видео, фото)

Turmush -  Жумгал районунун Миң-Куш айылында төрөлгөн Эламан Каныбеков комузда ар кандай жанрдагы күүлөрдү, обондорду чертет. Аймактык кабарчы талант ээси менен таанышты.

Кичинесинен Токтогул атка конгон Эламан Миң-Куш айылында 3-класска чейин окуп, андан кийин ата-энеси менен Бишкек шаарына көчүп келген. Атасы Каныбек Кунасов, апасы Чолпон Баянова балдары үчүн көп түрткү беришкен. Жаштайынан комузга байланган Эламан үй-бүлөдө 2 бир тууган. Анын иниси Улуттук консерваторияда 4-курста окуп жатат. Жаш таланттын чоң ата-апалары, таята-таенеси да комуз чертип, ырдашкан.

«Алгач сахнага 5-класста окуп жатканда чыккам. Комуз кармаганды жаңы үйрөнгөндө Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке тапшырып, Асмат Алымкулова аттуу мугалимден сабак алдым. Мугалимиме таазим жана ыраазычылык билдирем. 2012-жылы музыкалык мектепти бүтүрүп, андан соң К.Молдобасанов атындагы Улуттук консерваторияга тапшырып, аны 2017-жылы аяктадым. Учурда "Акак" комузчулар ансамблинде (солист), Улуттук филармонияда "Камбаркан" этнографиялык-фольклордук ансамблинде комузчу жана өзүм окуган мектепте мугалим болуп эмгектенип келем», - деди Э.Каныбеков.

Өнөр ээси Улуттук консерваторияда композитордук бөлүмдө композитор М.Бегалиевдин классында 3 жыл окуп, оркестрдык ар кыл чыгармаларды, пианиного пьесаларды жазган. Көбүнчө классикалык багытка басым жасайт. «Учурда Чолпон Мелисбекова экөөбүз дуэт менен чыгып, экинчи клипти тарттырып бүттүк. Комузда кол ойнотуп, кыргыз күүлөрүнүн баарын чертебиз. Ошондой эле чет элдик популярдуу ырларды комузга түшүрүп, обон салабыз», - деди ал.

Эламан көптөгөн республикалык жана эл аралык сынак, фестивалдардын лауреаты.

Сыйлыктары:

- 2006-жылы өткөн «Кыргызстан жаңы жылдыздары» сынагынын баш байгесинин ээси;

- 2007-жылы өткөн «Жаш таланттар» республикалык кароо-сынагынын жеңүүчүсү;

- 2010-жылы өткөн «Ысык-Көл кадыр түнү» музыкалык сынагында 1-орунду алган;

- 2010-жылы мурунку президент Р.Отунбаеванын колунан президенттик стипендия алган;

- 2014-жылы Волгоград шаарында өткөн искусство тармагындагы «Делфий оюндары» фестивалынын катышуучусу;

- 2016-жылы Москва шаарында студенттер арасында элдик музыкалык аспаптарда ойноо боюнча жеңүүчү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×