Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Нарын облусуКочкор району 28.05.2018 09:06

Максатбек Молдогазиев Кара-Суу айыл аймагынын башчысы болуп шайланды

Turmush -  Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагынын башчысы шайланды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаты Райымбек Салбаров билдирди.

Маалым болгондой, башчылыкка 3 талапкер ат салышып, биринчи турда талапкерлер Максатбек Молдогазиев 9, Бакыт Эгембердиев 7, Темир Курманбек уулу 5 добушка ээ болушту. Экинчи турда Максатбек Молдогазиев 12, Бакыт Эгембердиев 9 добуш алышты. Депутаттардын көпчүлүк добушун алган Молдогазиев Максатбек Аманкулович Кара-Суу айыл аймагынын башчысы болуп шайланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×