Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Чүй облусуСокулук району 27.05.2018 15:36

18 жаштагы Ажар Кубанычбекова Сокулуктун сулуусу деп табылды (видео, фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунда «Сокулук сулуусу-2018» кароо-сынагы өткөрүлдү. Бул сынакты «Beauty Company Kyrgyzstan» жана «Бишкек сулуусу-2018» сынактарынын жеңүүчүсү Сезим Асранкул кызы уюштурган. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, сынак Сокулук райондук маданият үйүндө өтүп, ага жалпы 9 кыз катышты. Сынактын жыйынтыгында «Сокулук сулуусу-2018» наамына 18 жаштагы Ажар Кубанычбекова ээ болду. Ал эми «Сокулук 1-вице сулуусу» наамына 17 жаштагы Айгерим Саякбаева, «Сокулук 2-вице сулуусу» наамына 17 жаштагы Айгерим Бейшембекова татыктуу болду. Калган катышуучуларга «Топ модель», «Топ фото модель», «Стиль сулуусу», «Талант сулуусу», «Жылдыздуу сулуу» номинациялары ыйгарылды.

Сынакка катышкан жогорку класстын окуучулары жана студенттер өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Кыздарга дизайнерлер тарабынан тигилген «Коктейль көйнөктөр», «Улуттук көйнөктөр», «Кечки көйнөктөр» аттуу коллекциялар кийип чыгууга берилди. Ал эми коктейль көйнөктөр кыздарга белек катары тартууланды.

Сынакка катышкандардын тизмеси:

- 18 жаштагы Айбек кызы Таннуру;
- 18 жаштагы Ажар Кубанычбекова;
- 17 жаштагы Айгерим Саякбаева;
- 17 жаштагы Айгерим Бейшенбекова;
- 14 жаштагы Мирланбек кызы Жамийла;
- 16 жаштагы Камилла Бозжигитова;
- 23 жаштагы Анара Ахмедахунова;
- 23 жаштагы Дильбара Максутова;
- 17 жаштагы Айтбек кызы Айжан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×