Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Баткен облусу, Баткен 26.05.2018 16:09

Видео, фото — Баткенде «Аскер таланты» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Бүгүн, 26-майда Баткен шаарында облустук А.Жайнаков атындагы музыкалык драма театрында 28-май — Чек арачылар күнү жана 29-май — Куралдуу күчтөр күнүнө карата күч түзүмдөр арасында «Аскер таланты-2018» кароо-сынагы өткөрүлдү.

Аймактык кабарчынын маалыматы боюнча, сынакка чек арачылардан түзүлгөн «Ынтымак» курама командасы, №30630 аскер бөлүктүн «Аргымак» командасы жана Улуттук гвардиянын «Ак шумкар» командасы катышты. Катышуучулар командалардын аталышын чечмелеп, белгилердин маанисин түшүндүрүп беришти. Андан кийин патриоттук ырларды аткаруу, «Манас» эпосунан үзүндү айтуу, согуш жылдарындагы ырларды ырдоо этабы өттү. Ошондой эле командалар ак бий бийлеп (офицер вальсы), эстрадалык, заманбап ырларды аткарышты. Сынактын акыркы тапшырмасы 80-90-жылдардагы ырларды аткарып берүү болду.

Жыйынтыгында 1-орунду «Ынтымак» жана «Ак шумкар» командалары бөлүшүп алса, 2-орунга «Аргымак» командасы татыктуу болду. Жеңүүчүлөргө Жоокерлердин энелер коому жана Баткен горизонтунун ардак грамоталары тапшырылды. Ошондой эле мыкты аткаруучу аталган катышуучулар сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×