Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 26.05.2018 13:32

Ак-Талаадагы бүтүрүүчүлөргө белгилүү ырчылар акысыз концерт тартуулашты (видео, фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун орто мектептеринде акыркы коңгуроо аземинде жалпы 463 окуучу 11-классты аяктады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 25-майда райондогу жалпы 18 орто мектеп боюнча акыркы коңгуроо аземи салтанаттуу белгиленип, ага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, ата-энелер, мугалимдер жана окуучулар катышты. Аземдин жүрүшүндө алдыңкы окуучуларга ардак грамоталар, ыраазычылык каттар, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Мындан тышкары мектептердеги салтанат даярдалган концерттик программалар менен коштолду. Жаңы-Тилек айылынын Сабитакун Жусупбаев атындагы орто мектебинде белгилүү эстрада ырчылары окуучуларга арнап ырдап беришти.

Ошондой эле эстрада ырчылары — Токтобек Асаналиев, Иличбек Касымбеков, Аяна Касымова, Кубаныч Аалиев жана райондогу маданият үйүнүн өнөрпоздору Баетов айылындагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө акысыз концерт тартуулашты. Концерт Россияда эмгектенген ак-талаалык Азамат Курманалиевдин демилгеси менен уюштурулду.

Быйыл Ак-Талаа району боюнча 11-классты 463 окуучу, 9-классты 627 окуучу аяктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×