Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Нарын облусуНарын району 27.05.2018 21:31

Оруктам айылындагы ФАПка «Нива» унаасы берилди (фото)

Turmush -  Кечээ, 25-майда Нарын районуна караштуу Орток айыл өкмөтүнүн Оруктам айылындагы ФАПка «Нива» үлгүсүндөгү унаа тапшырылды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалым болгондой, буга чейин жергиликтүү тургундар район жетекчилиги менен жолугушуу учурунда кышында жол каттам жабылып, райондун борборуна барууда кыйынчылыктар жаралып жатканын айтып, унаа сурашкан болчу. Буга байланыштуу райондук администрация тарабынан айылдагы ФАПка «Нива» унаасы берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×