Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 25.05.2018 18:43

Жогорку Кеңештин депутаты Баткендеги эки мектепке компьютер белек кылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 25-майда Баткен шаарындагы 6 орто мектепте акыркы коңгуроо салтанаттуу белгиленди. Аймактык кабарчы билдиргендей, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова да күбө болду.

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдилла Акматованын айтымында, иш-чаранын жүрүшүндө аталган депутат эки мектепке компьютерлерди тапшырды.

«Шаардагы гимназия-мектептин биология мугалими Сайда Орозбаеванын окуучусу Гүлсүн Орозалиева республикалык олимпиадада 1-орунду алганы үчүн биология кабинетине 1 компьютер берилди. Ошондой эле В.И.Ленин атындагы орто мектебинин мугалими Сапия Рахматованын окуучулары республикалык "Манас таануу" интеллектуалдык таймашында 1-орунду багындырганы үчүн аларга компьютер белекке берилди», - деди ал.

Бүгүн Баткен шаарында 11-классты 307 окуучу аяктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×