Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Ош облусу, Ош 25.05.2018 20:56

Фото — Ош шаарындагы бүтүрүүчү кыздар

Turmush -  Бүгүн, 25-майда Ош шаарындагы мектептерде акыркы коңгуроо кагылып, бүтүрүүчүлөрдү узатуу кечеси өттү.

Маалым болгондой, шаардын вице-мэрлери Асылбек Топчубаев жана Нурбек Кадыров №34 Ч.Түлөбердиев атындагы орто мектебине жана «Олимп» мектеп-гимназиясына барып, бүтүрүүчүлөрдү жана окуучуларды куттуктап келишти.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө коомдо өз активдүүлүгүн көрсөткөн алдыңкы окуучуларга Ош шаарынын мэриясы тарабынан белектер жана ардак грамоталар тапшырылды. Ошондой эле окуучуларды акыркы коңгуроо майрамы менен куттуктап шаардык кеңештин депутаттары, мэриянын бөлүм башчылары, мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, жаштар комитети шаарда жайгашкан мектептерге барышты.

Ош шаарында мамлекеттик жана жеке менчик 77 мектеп жайгашкан. Быйыл шаар боюнча жалпы 2550 окуучу 11-классты, 4500 окуучу 9-классты аяктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×