Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Баткен облусу 25.05.2018 14:43

Баткен облусунда быйыл мектептерди 10 миңге жакын бүтүрүүчү аяктады (фото)

Turmush -  Баткен облусунда быйылкы окуу жылында 10 миңге жакын бүтүрүүчү мектепти аяктады. Бул тууралуу облустук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Меринса Айжигитова билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 25-майда облустагы 234 мектепте акыркы коңгуроо салтанаттуу түрдө белгиленүүдө.

«Быйыл облус боюнча жалпы 10 миңдей бүтүрүүчү мектепти аяктап жатат. Алардын ичинен 5 миң 800 окуучу 9-классты аяктаса, 4 миңге жакын окуучу 11-классты бүтүрдү. Ата-энелер жана ИИМдин кызматкерлери менен коомдук тартип боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөнбүз. Анткени ашыкча шаан-шөкөткө тыюу салынган», - дейт М.Айжигитова.

Баткен облусундагы 234 мектептин 201де окуучулар 11-класска чейин билим алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×