Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Баткен

Баткендеги мектепте акыркы коңгуроо салтанаты жаңы футбол аянтчасында өттү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 25-майда Баткен шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектепте акыркы коңгуроо салтанаты кичи футбол аянтчасында өткөрүлдү. Аймактык кабарчы билдиргендей, салтанат өткөн футбол аянтчасы жеке ишкерлер тарабынан курулган.

Иш-чарага 300гө жакын адам катышып, бүтүрүүчүлөр ата мекенге кызмат кылууга убада беришти. Алар салтанаттын жүрүшүндө асманга көгүчкөн жана шарларды учурушту.

Аталган мектептин директору Гулжамал Ысманованын айтымында, быйыл 11-классты 59 окуучу жана 9-классты 60 окуучу аяктады. Ал эми 4-классты жалпы 194 окуучу бүтүрсө, анын ичинен 160ы орус классты, 34ү кыргыз классты аяктады.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1125
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×