Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Баракелде

Жогорку соттун судьясы Г.Үмөталиеванын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Turmush -  Жогорку Кеңеш Жогорку соттун судьясы Галина Үмөталиеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Мындай чечим бүгүн, 24-майда парламенттин отурумунда кабыл алынды.

Өлкө башчынын тиешелүү сунуштамасын окуган президенттин өкүлү Курманбек Дыйканбаев билдиргендей, Г.Үмөталиева ден соолугуна байланыштуу кызматынан кетүү тууралуу арыз жазган.

«Ал ушул эле себеп менен отурумга келе алган жок. Бирок маселени карап чыгууну суранды, анын арызы бар», - деди өкүл.

Депутат Дастан Бекешев (КСДП): «Анын абалы абдан оорбу?», - деп сурады.

«Анын жанында дайыма бир адам болуусу керек», - деп жооп берди К.Дыйканбаев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2553
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×