Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Нарын

Ат-Башыда акыркы коңгуроо салтанатында окуучулардын унаа башкаруусуна тыюу салынды

Turmush -  Ат-Башы районундагы Карыбек уулу Акматалы орто мектебинде кечээ, 23-майда РИИБдин кызматкерлери акыркы коңгуроо иш-чарасында коомдук коопсуздукту жана тартипти сактоо боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, жыйынга райондун акими, райондун прокурору, РИИБдин башчысы, мектеп мүдүрлөрү, айыл өкмөт башчылары жана ата-энелер комитети катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө бүтүрүү аземинде коомдук тартипти, жол коопсуздугун камсыз кылуу талкууланды. Ошондой эле окуучуларга автоунаалар менен сейилдөөгө, мыйзамсыз акча каражатын чогултууга тыюу салынды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1356
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×